Бишкекте 8-кабаттан кулаган жаран терезеде 1 саат турган. Куткаруучулар өмүрүн сактап кала алышкан эмес
Бишкектин тургуну көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Окуянын күбөлөрү куткаруучулар 8-кабаттын терезесинин сырткы бөлүгүндө турган жаранды куткарууга аракет болбогонун айтып чыгышты.
5-майда Исанов көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн бир адам секиргени жатканы тууралуу ӨКМга маалымат саат 8:35те түшкөн. Куткаруучулар саат 8:45те ошол жерге барышкан. Саат 9:25те терезеде отурган жаран кулап кетип каза болгон.
Күбөлөр милиция, "Тез жардам" кызматы эрте чакырылганын айтып жатышат. Бишкек ШИИББи "көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен жаран боюнча маалымат милицияга 11:10 чамасында келип түшкөн" деп билдирди.
Окуянын күбөсү: "Саат 08:00дө "Тез жардам", милиция кызматкерлери чакырылган. Терезенин сырткы бөлүгүндө турган жаран секирбей, кошуна үй аркылуу сыртка чыкканга аракет кылган өңдүү. Жерде болжол менен милициянын аймактык тескөөчүсү жана ӨКМнын бир кызматкери туруп, аны менен 1 сааттай сүйлөшүп турушту. Саат 9дарда ал чарчап кетип, терезеге отуруп алды. Аны куткаруу аракет болгон жок. Альпинисттер келип жардам берет деп үмүт кылып жаттык. Кийин ал кармана албай 8-кабаттан кулап кетти. Аны тосуп алууга эч кандай жабдуулар коюлган жок, килем да тосуп турушкан жок. Кулап түшкөндөн кийин жерде тургандардын бири жүрөгүнө массаж жасаганга аракет кылды. "Тез жардам" мурункудай эле кечигип келди. Ал кулап түшкөндөн кийин батирди ачып киришти", - деп жазды.
ӨКМнын басма сөз кызматы куткарууга аракет көрүлгөнүн айтууда. "Куткаруучулар барганда терезеде турган жаран батирдин ичинде аны коркутуп жаткан адамдар бар экенин, алар секирүүгө мажбурлап жатканын айткан. Куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу деген негизде милиция кызматкерлери келгенге чейин эшикти бузуп киришкен эмес. Куткаруу үчүн чатырга чыгууга мүмкүн болгон эмес. Ошондуктан аны алып түшүрүү үчүн өрт өчүрүүчүнү көтөрүүчү унаа чакырылган. Бирок ал жаран секирип кеткен үчүн жолдон артка кайтарылды. Милиция кызматкерлерин күтпөй саат 9:25те батирдин эшигин ачып киришкен. Бул учурда ал адам секирип кеткен эле. Батирдин ичинде эч ким болгон эмес. Куткаруучулар менен милиция кызматкери жогорку кабаттагы үйлөрдүн эшигин такылдатышканы менен, эч ким ачкан эмес. 9-10-кабат аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон жок", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.





1 |