super.kg logo

Билим берүү министринин орун басары: "Өлкө боюнча кооптуу абалдагы 193 мектеп бар"

 

Өлкө боюнча кооптуу абалдагы 193 мектеп бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Комитет жыйынында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки бала бакчаларда, мектептерде окутууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Зиядин Жамалдинов биринчи кезекте кооптуу абалдагы мектептер тууралуу көйгөйдү чечип алуу зарылдыгын айтты.

"Авариялык абалдагы мектептердин иштери башталбай турат. Биринчи кезекте ошол мектептердин оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү керек. Мугалимдердин айлык-маянасы көтөрүлүшү шарт. Аталган мыйзам долбоору ишке ашса, 1 миллиард сом коротулат деп жатасыздар. Алгач мектеп көйгөйлөрүн чечип алалы. Жер титирөө болсо кооптуу абалдагы мектептер куласа, окуучуларга зыяны тиет. 2024-2027-жылдары тышкы карызды төлөөнүн чокусуна келет экенбиз. Мыйзамдарды 2024-жылы күчүнө кирет деп кабыл ала берген болбойт", - деди Жамалдинов.

Депутат Дастан Бекешев Конституция боюнча ар бир бала билим алууга укуктуу экенин айтып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерге окутууну акырындан баштоо керектигин белгиледи. Ошону менен катар эле мыйзам долбоору ишке ашса 1 миллиард сом керектелет деп айтпаганын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: