Ошто чоң атасына баруу үчүн үйдөн качып чыккан 2-класстын окуучусу жол кырсыгына кабылып кала жаздаган
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 2-класстын окуучусу У.М.ны адашып жүргөн жеринен таап алышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-майда болгон. Белгилүү болгондой, окуучу чоң атасына баруу үчүн үйүнөн качып чыккан.
"Окуучуну жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолдон табышкан. Ошол учурда ал аз жерден жол кырсыгына кабылып кала жаздаган. Ал кызматкерлерге адашып калганын жана чоң атасы менен жашай турганын айткан. Мындан улам анын жакындарына издөө салынып, саат 15:00 чамасында алар байланышка чыгышкан. Баланын ата-энеси чет өлкөдө иштегендиктен чоң атасы менен жашап жүргөн. Эки-үч күн мурун аны Жаңы-Арык айылына эжесинин үйүнө алып келишкен. Ошондой эле окуусун ошол айылдан улантмак болгон. Бирок окуучу ал жакта окугусу келбей Кара-Суу районундагы чоң атасына качып жөнөгөн. Учурда тийиштүү кызматкерлер тарабынан бул окуя териштирилип жатат. Азыр баланы атайын кызматкерлер чоң атасына алып кетишти. Аны менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт, эгер бала чоң атасы менен калууну кааласа, анда ошол жакта калат", - деди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.





Булганды го балалыктын кирсиз, таза асманы.
Кайран кургур тиричилик, тойтопур,
Кыргызымдын бутпос болду арманы!!!!!!!