super.kg logo

Dordoi Plaza Fashion Day: "Жаз-Жай-2019" мода тренддери

 

Жайдын аптаптуу саратан күндөрү жакындап, жаңы сезондук кийим сатып алуу үчүн үй-бүлө менен шопингге чыгуу мезгили башталууда. Кооз, ыңгайлуу, баасынын жеткиликтүүлүгү, дизайндын өзгөчөлүгү – кийим сатып алууда көбүнчө ушуларга көп көңүл бурулат. Модага ылайык кийингиси келгендер жаңы тренддерди карап тандашат. Мындайда кайсы дүкөндөн таап, сатып алса болот деген суроо туулат. Дал ушул суроо-талаптарга жооп берген жаңы кийимдер коллекциясы “Дордой Плаза” соода борборунда көрсөтүлдү.

Бул мода көргөзмөсү 4-майда өттү. Анда шоу-бизнестин жылдыздары, белгилүү блогерлер жана соода борборунун кардарлары катышты. Биз дагы ага катышып, кийимдерди көрүп суктанып келдик.

Узун бойлуу, сулуу, модель улан-кыздар кийген стилдүү кийимдерди Magnifique, Gauche, Skandal, Brands Outlet, Сlimber, Darssio, Эконика, Terranova, Calioppe, Cosmobella аттуу дүйнөлүк бренддер дүкөндөрү сунуштады. Дал ушул бутиктерди аталган соода борборунан тапсаңыздар болот.

Көргөзмөдө көрсөтүлгөн кийимдер ыңгайлуу, жагымдуу, дизайны өзгөчө экенин байкоого болот. Аларды түрдүү иш-чараларга кийүүгө мүмкүн. Бир гана айымдардын эмес, эркектерге ылайыктуу кийимдер да стилдүү жана кооз көрүнөт.

Көргөзмөнүн аягында Cosmobella сунуштаган кече көйнөктөрү абдан суктанарлык болду. Айымдар аларды кийип кечеде, тойдо же өзгөчө маанилүү иш-чарада жүргөнүн дароо элестетсе керек. Басып жүргөнгө да, бийлөөгө да ыңгайлуу экен.

Подиумга чыгып сүйлөгөн Эконика бутигинин өкүлүнүн айтымында, алардын салондорунда Алла Пугачёванын бут кийимдер коллекциясы бар. “Бул эң кооз, жарашыктуу, саркеч моделдер. Мындай бут кийимдерди эч жерден таба албайсыңар” деди ал.

Мындай көргөзмөлөр мода ар бир адам үчүн жеткиликтүү экенин көрсөтүүдө. "Дордой Плаза" соода борборунда ушул сыяктуу иш-чаралар туруктуу өтүп турат жана каалаган адамдар келип катышып, мода жана тренддер тууралуу көбүрөөк биле алышат. Стилдүү болуш үчүн Францияга же Италияга барып, кийим сатып алуу зарыл эмес. Дүйнөлүк модадан артта калбайын жана өзүмдү ыңгайлуу сезейин десеңиз, анда “Дордой Плазадан” кийинсеңиздер болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарыбыз зынкыят го. Адамдын коркун кийим ачат. Давай модадан арта калбайлык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: