super.kg logo
  Саясат  

Экс-президент Роза Отунбаева Нарындын жайлоосундагы уникалдуу бала бакчаларга барып, тарбиялануучуларга китеп белек кылды

 
Нарын районунун Долон жайлоосунда уюшулган бала бакча
Нарын районунун Долон жайлоосунда уюшулган бала бакча
Нарын районунун Долон жайлоосунда уюшулган бала бакча
Роза Отунбаева жайлоодогу балдар бакчасына китеп белек кылды

30-июлда экс-президент Роза Отунбаева Нарын районунун Долон жайлоосунун аймагында уюшулган уникалдуу балдар бакчасына барды. Бул бала бакчада 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар тарбияланып, 3 айлык эс алуу убактыларын тамга таануу, окуу жана кыргыздын үрп-адаттарын үйрөнүү менен өткөрүшөт. Балдар таштардан гүл жасап, аларды кооздоо менен бирге айлана-чөйрөнү таануу багытында күнүнө 3 сааттан сабак алышат. Отунбаева Кырк-Боз-Үй жайлоосунда уюшулган “Теңир-Тоо” бала бакчасына да барды. Бул жерде экс-президент тарбияланып жаткан 26 балага сабак берүүнүн жана таалим-тарбия берүүнүн ыкмалары менен таанышты. “Балдарга чөптөрдүн, тал-теректердин аттарын, кыргыздын каада-салт, баалуулуктарын үйрөтүш керек. Мектепке чейинки балдар санаганды, жазганды, тамгаларды толук тааныганды үйрөнүшү кажет. Кийин кеч болуп калат. Бул багытта облуста катуу иштер жүрүп жатат. Мындай ыкманы өлкө аймагына жайылтышыбыз керек. Өткөн жылы мындай семинарды Алайда өткөрсөк, быйыл Нарын облусун тандап алдык”,- дейт Роза Отунбаева. Жайлоодогу бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн өнөрлөрүнө күбө болгон экс-президент жомок китептерди белекке тапшырды. Бул жылы Нарын облусу боюнча жайлоодо 15 бала бакча иштеп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: