super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Президент уран кенин казуу боюнча коомчулуктун пикирин эске алып, жөн эле элди сооротуп жатат"

 

Өткөн айда Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында уран кенин казууга каршы жарандар бир нече жолу митингге чыгышты. Ушул өңдүү митингдерден кийин гана Жогорку Кеңеште атайын жыйын өтүп, андан соң өкмөттүн жообу берилген. Бирок өлкө башчы үн ката элек болчу.

4-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда "Кыргыз өлкөсүндө уран казылбайт" деди. Анын бул билдирүүсү коомчулукта кечигип үн катты деген сынды жаратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран кенин казып алуу токтотулат деди. Президент дагы кандай саясий чечимдерди кабыл алууда кечигип жатат?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдиргендей, Жогорку Кеңеш уран боюнча кабыл алган токтом эч кандай роль ойнобойт.

“Президент уран кенин казуу боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жөн эле элди сооротуп жатат. Жогорку Кеңеш уран боюнча кабыл алган токтом эч кандай роль ойнобойт. Бул боюнча мыйзамдаштырыш керек. Депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоорун президент тезинен көмөктөшүп, парламентте кабыл алынышы зарыл. Элдин баары сүйүнчүлөп эле Сооронбай Жээнбековдун пикиринен кийин ыраазычылык билдирип жатат. Биз Кыргыз мамлекетинде уран казууга биротоло тыюу салынат деген расмий кагаз болбосо ишенбейбиз”, – дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: