Британиянын ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл уулдуу болду
Британиянын ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл уулдуу болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ханзааданын уулу бүгүн, 6-майда эртең менен төрөлгөн.
Жаңы төрөлгөн ымыркай Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II`нин 8-чөбөрөсү. Учурда наристеге ысым коюла элек. Жакынкы арада ханзааданын уулунун аты жарыяланып, Виндзор паркында үй-бүлөлүк сүрөткө түшүү аземи болот.
Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-майында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.