super.kg logo

Бакиевдин кезинде УКМКны жетектеген Мурат Суталинов боштондукка чыкты

 

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралды. Сот чыгарган чечимге ылайык, Суталинов сот залынан боштондукка чыкты.

Буга чейин Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы түрткү болгон.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркаарын айткан.






Бакиевдин кезинде УКМКны жетектеген Мурат Суталинов боштондукка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
07.05.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден-соолугун жеп анан чыгардынар бети жок соттор силерди да ушундай тагдыр кутсун
07.05.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койсонор э, Бакиев, Суталинов деп ак эле адамдарды куноолоп жатасынар. Чыныгы куноолуулор журот боштондукта эле эч нерсе билбеген кишидей болушуп. Кээ бирлери кызматта отурушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: