"Уран кенин казууга биротоло тыюу салуу мыйзамы Кыргыз мамлекетин таш дооруна алып барат" дейт Жер казынасын өздөштүрүү институнун лаборатория башчысы
"Уран кенин казууга биротоло тыюу салуу мыйзамы Кыргыз мамлекетин таш дооруна алып барат", - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук талкууда Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институнун лаборатория башчысы Кушбакали Тажибаев билдирди.
Ал уран кенин казуу боюнча мораторийдин мөөнөтү болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, мыйзам адилеттүү жана натыйжалуу болушу шарт. Бул мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин айтты. Тажибаев уран кенин казууга 50 жыл мораторий жарыялоону сунуштады.
Ошону менен катар ал мыйзам долбоорундагы жеке жана юридикалык жактарга радиоактивдүү уулуу заттар сакталган жайларды андан ары иштетүү, тейлөө максатында өткөрүп берүүгө тыюу салынат деген жобого каршы экенин билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат.


