super.kg logo

"Уран кенин казуу зыян алып келсе жабылсын, негизи пайда бере турган болсо өнүктүрүп, гүлдөтсө болот" дейт коомдук талкуунун катышуучусу

 

"Уран кенин казуу зыян алып келсе жабылсын, негизи пайда бере турган болсо өнүктүрүп, гүлдөтсө болот" деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан коомдук талкуунун катышуучусу Нурахмат Мирбеков билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып кетти. "Интернетте уран кенин казууга каршы митингдер өтүп жатканы жарыяланып жатат. Көпчүлүгүбүз туристтер келбей кала турганын айтып жатабыз. Митинг тууралуу 15 мамлекетке 15 тилде которулуп жатат. Уран кенин казуу зыян деп жатсак эс алуучулар келбей калат", - деди ал.

Анда коомдук талкуунун катышуучулары ага "сүйлөбөй кал" деп сөзүн бөлгөнгө аракет кылышты.

Мирбеков эл менен бирге экенин, зыян болсо жабылышы керектигин айтып, сөзүн жыйынтыктады.

Учурда Жогорку Кеңеште уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.05.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтын казып жыргабаган уран казып жыргамак белек кой айланайын тыч эле бололу ансыз деле кийинки муундун Ден соолуктары начар....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: