Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарындагы Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 9 кабаттуу үйдүн биринин терезесинен секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова билдирди.
Маалыматка ылайык, өзүнүн жанын кыймакчы болгон кыз 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Куткаруучулар келгенге чейин аны окуянын күбөлөрү 5-кабаттан шейшеп ыргытып куткарууга аракет кылышкан.
"102" кызматына билдирүү саат 11:05те келип түшкөн. Куткаруучу топ саат 11:17де окуя болгон жерге жетип, үйдүн чатырынан аркан менен түшүп кызды куткарып калышкан. Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз окуя болгон жерге келген "Тез жардам" жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дейт Шерипова.
Ал эми "Тез жардам" кызматы кыз эч кандай жаракат албаганын билдирип, ал эмне себептен секирүүгө аракет кылганын милиция кызматы тактап жатканын кошумчалады.