super.kg logo
  Спорт  

Кайрадан Эль-Класико. Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча турнирдин финалында "Ынтымак" - "Достук" беттеши орун алат

 

9-Май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келет.

Бүгүн, 7-майда орун алган Жогорку Лиганын тайпалык оюндарынын алкагында алгач "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" командасы 8:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Ал эми бүйүр кызыткан "Достук" - "Сары-Өзөн" оюну да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Оюн учурунда Манас Ниязов жана "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Нурбек Юсуповдун ортосунда уруш чыкты. Оюн талаасынын сыртына чыгып кеткен оюнчулар дээрлик 15 мүнөткө жакын мамилесин чечишүү менен алек болушту. Мына ушундай жагымсыз окуя менен коштолгон оюн 10:4 эсеби менен аяктап, Оштун "Достук" командасы жеңишке жетти.

Ошентип өлкөбүздүн эң мыкты деп аталган "Ынтымак" жана "Достук" командалары финалдык оюнга жолдомо алышты.

Финалдык оюндардын жадыбалы:

Биринчи Лига.
3-орун үчүн "Алкан-Ата" - "Ат-Башы"
1-орун үчүн "Көл-Төр" - "Кара-Буура"

Жогорку Лига.
3-орун үчүн "Сары Өзөн Рассвет" - "Сары Өзөн"
1-орун үчүн "Ынтымак" - "Достук"

Финалдык оюндар, 9-Май - Жеңиш күнүндө орун алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.05.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ынтымак вперед. Достук назад
07.05.2019. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйыны женсин
08.05.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достук озунун адамгерчилиги менен,кучтуулугу менен дайыма алдыда!!!Кучтуу аттары гана азыраак да...аттин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: