super.kg logo

Сокулукта достор арасында уруш чыгып, бирөө бычакталды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда теңтуштар уруша кетип, бирөө бычакталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-апрель күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылында бычакталган окуя тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 29-апрель күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Күн-Туу айылында достор арасында уруш чыкканы айтылат. Мындан улам алардын арасынан бири ашкана бычагын алып чыгып, экинчисин бир нече жолу сайып салган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген, ал эми шектүү качып кеткен.

"Ооруканадан жабырлануучунун аты-жөнү такталып, ал 28 жаштагы П.Ж. аттуу Чүй облусунун тургуну болгон. Ал эми шектүү 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Н.М. аттуу жаран болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 138-берене "саламаттыкка оор залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: