"Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга көп каражат жумшалат" дейт тоо-кен тармагы боюнча адис
"Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга көп каражат жумшалат", - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук угууда Тоо-кен өнөр жайы жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу демилгесин колдой турганын айтты. “Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Ошонун айынан 2019-жылдын 1-январына карата 2800 лицензия берилиптир. Уран - өтө зыяндуу зат. Андан адам эле жапа чекпейт, экология да бузулат", - деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңеште уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.