Жактоочу: "Ишкер Жалил Атамбаев Орозо айында кечирдим деп журналисттин үстүнөн жазган арызын кайтарып алды"
"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берген ишкер Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу ишкер Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абжапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, доо арызды бүгүн, 7-майда Ош шаардык сотунан кайтарып алган.
"Доо арызды кайтарып алдык. Себеби мусулмандардын ыйык Орозо айында кечиримдүү бололу, соттошпойлу, кечирдим деп Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды", - деди Абжапаров.
Ошондой эле журналисттин материалында суроолорго жооп берген 2 адамга карата жазылган доо арыз да алынганын кошумчалады.
Буга чейин "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев 50 миллион сом талап кылып сотко берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Уурусу кучтуу болсо ээсин долго жыгат