"Кунжуттуу бөлкө", "сабиз", "асма шам" деп сынга кабылган чет элдик жылдыздардын костюмдары
Өзгөчө стилдин ээси Кэти Перри бул ирет асма шам кийип келген. Тагыраагы, ал шурулар менен кооздолгон кыска көйнөк кийип, башына жана белине асма шамды тагып алган.


Өзгөчө стилдин ээси Кэти Перри бул ирет асма шам кийип келген. Тагыраагы, ал шурулар менен кооздолгон кыска көйнөк кийип, башына жана белине асма шамды тагып алган.

Америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес "Versace" мода үйүнө таандык шурулуу көйнөк кийип, ал тургай чачын дагы самсаалак шуру менен кооздоп келген.

Ал эми америкалык ырчы Леди Гаганын образы дагы четте калган жок. Ырчы кабатталган кийимдерин чечип, акырында бикиничен калган. Дагы бир таң калууну жараткан нерсе, анын "алтын кирпиктери" болду.




Модель Ким Кардашьяндын образы "кунжуттуу бөлкө" деген сынга кабылды. Ким Кардашьян денесине чып жармашкан, ачык күрөң түстөгү көйнөк кийген. Көйнөк майда, сүйрү зер таштар менен кооздолгон. Баса, көйнөктөгү ак таштар моделдин тырмагынын учуна чейин тагылган.

Дагы бир белгилүү модель Кендал Женнер ток сары түстөгү узун көйнөк кийгени үчүн "сабиз" деген тамашалуу ысымга ээ болду.

Модель Эшли Грем италиялык "Gucci" мода үйүнүн костюмунда.

Модель Жижи Хадид "Moschino" италиялык мода үйүнүн костюмун тандаган.

Ырчы Карди Би америкалык модельер-дизайнер Том Браунга таандык өзгөчө көйнөктү кийген.

Канадалык ырчы Селин Дион "Oscar de la Renta" компанясына таандык көйнөктү тандаган.

Ырчы Жанель Монэ америкалык модельер-дизайнер Кристиан Сириано тиккен өзгөчө көйнөк менен келген.

Британиялык супер модель Рози Хантингтон-Уайтли иш-чарага "Oscar de la Renta" компаниясынын көйнөгүн кийип келген.
Нью-Йорктун "Метрополитен" музейинде "Костюмдар институнун балы" ("Met Gala") өтүп, ага бир катар дүйнөгө белгилүү жылдыздар катышты. Иш-чарага барган атактуулардын кийимдери дайыма коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, кызуу талкуу жаратып келет.
Бул салтанаттын катышуучулары адаттан тышкары стилдеги костюмдары менен кызыл килемден өтүштү. Бул кечедеги элдин оозун ачырган же мыкты кийимдердин ээлери ким экенин сүрөттөрдөн көрүңүз.
"Costume Institute Gala" же "Met Gala" 1946-жылы Элеонор Ламберт аттуу публицист тарабынан негизделип, 1948-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. Иш-чаранын максаты костюмдарды, кийимдерди көргөзмөгө коюп, кайрымдуулук каражатын чогултуу. Чогултулган каражаттар "Метрополитен" музейине жумшалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Kairat1996

07.05.2019. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигураларына соз жок. Укмуш экен. Модель Ким Кардашьяндын фигурасы сонун экен. Карап эле отурчу экен.
Chungyz

08.05.2019. 04:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайтандар
007aym

08.05.2019. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женифер Лопезден башканардын вкусунар фу-кус болуп калыптыр))))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.