super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков: "Соттун Мурат Суталиновду боштондукка чыгарганы туура чечим болду"

 

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.

Бул боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков соттор гумандуулук менен чечим чыгарды деген пикирде.

"Албетте, туура чечим болду. Себеби анын оорусун комиссия аныктап, тактап берди. 4-даражадагы рак илдети менен жабыркаганын аныкташты. Соттор да гумандуулук менен чечим чыгарышыптыр. Бул абдан кубанычтуу. Биз ага ден соолук каалайбыз", - деди ал.

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, юрист Таалайгүл Токтакунова, укук коргоочу Динара Ошурахунова, журналист Сыргак Абдылдаев, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Амантур Жамгырчиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: