super.kg logo

"Ош базарында" кайрадан жаңжал чыкты

 

Бүгүн, 7-май күнү "Ош базарында" жайгашкан "Берекет Универсал" базарында электр жарыгы өчүп калган. "Электр жарыгын базардын жетекчилиги атайын балдарды алып келип өчүрүп кетти" дейт соодагер Махабат Шамшиева.

Соодагердин айтымында "Ош базардын" жетекчиси базарга чымыр денелүү 6-7 балдарды алып келген.

"Балдар жер төлөгө кирип электр зымдарын кесип, талкалап салышты. Мен эртең менен келсем, ал жакты карап жүргөн баламдын мурду канап отуруптур. Көрсө алар балама кол көтөрүшкөн экен. Балдар "Силердин үй-бүлөңөр барбы? Жашоо керекпи?" деп бизди коркутушууда. Эгер бул базардан орундар сатылбай турган болсо, анда эмнеге бизге сатышкан. Мен азыркы күркөмдү 35 миң доллар акчага сатып алгам. Анан кантип аларга мен бошотуп беришим керек? Анда мамлекет кенемте төлөп берсин", - деди Шамшиева.

Ал эми SUPER.KG порталы бул окуя боюнча "Берекет" жабык акционердик коомунун президенти Индира Абласовага кайрылганда, базар 15-апрелде эле жабылганын, азыр сатуучулар мыйзамсыз соода кылып жатканын айтат.

"15-апрелде базар жабылып, бардык коммуналдык кызматтар токтотулган. Мындан улам биз бүгүн ал жактагы жабдууларды алууга барганбыз. Бирок алар каршылык көрсөтүп, беришкен жок. Ошондой эле соодагерлер базардан эч кандай орундук сатып алышкан эмес. Балким контейнер сатып алышкандыр. Алар биз сатып алганбыз деп эле ызы-чуу чыгарып жатышат. Андай болсо тийиштүү документтерин көрсөтсүн. Айткандары чын болсо сотко барышпайт беле? Биз мыйзамдуу сатып алган адамдардын маселесин чечип бергенбиз. Азыр мыйзамсыз соода кылгандарга отуруп сүйлөшөлү, чечишели, урушкандан пайда жок деп айтып жатабыз. Бирок алар сунушубузга макул болбой жатышат. Башкача айтканда, менчик жерди басып алуу аракетин кылып жатышат", - деди Абласова.

Буга чейин 17-апрелде аталган базардын соодагерлери менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90-жылдагы башалмандыктар кайра келе баштадыбы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: