super.kg logo

Кытайда крандын башкаруучусу өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын аман алып калды

 

Кытайда крандын башкаруучусу өрт чыккан көп кабаттуу турак үйдүн тургундарын сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя Ляонин провинциясындагы Фушунь шаарында орун алган. Анда көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, дароо эле жалындап, үстүнкү кабатты каптап баштаган. Өрт чыккан турак үйдөн алыс эмес жерде кранды башкарган 19 жаштагы Лань Цзюньцзэ ишин таштап, батиринен чыга албай калгандарга жардам берген. Тагыраагы, ал жашоочуларды терезесинен кран менен алып түшкөн. Лань Цзюньцзэ жарым сааттын ичинде жалпысынан 14 адамды аман калып калган.

"Мен өзүмдү сабырдуу кармап, адамдарды гана куткарышым керек деген ойдо болдум. Башка маселелерди ойлобогонго аракет кылдым, дубалдардын урап түшкөн үндөрүнө дагы көңүл бурган жокмун. Бул окуядан кийин мени алкай башташканда өзүмө карата сыймыктануу сезимдери болду. Менимче жакшы иш жасадым", - деген жаш куткаруучу.






Кытайда крандын башкаруучусу өрт чыккан көп кабаттуу турак үйдүн тургундарын сактап калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: