super.kg logo

Жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча кеңешме өттү

 

Жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, "Манас" аэропорту өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, буга байланыштуу авиа түйүндү инвестиция тартуу аркылуу мындан ары карай өнүктүрүү жана модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. "Атаандаштык жылдан жылга өсүп жатат. Өлкө аймактарында аэропорттордун инфраструктурасы динамикалуу өнүгүүдө, учуу тилкелери модернизацияланып жана жүргүнчүлөр агымы көбөйдү. Биз ылайыктуу бизнес-модель табууга тийишпиз, ал натыйжалуу ишке ашырылып, аэропортту модернизациялоону камсыздап, инвестицияларды тартуу жолу менен ата мекендик жарандык авиацияны өнүктүрөт", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы "Манас" эл аралык аэропортун жана өлкөнүн аймактык аэропортторун өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн кыйла оптималдуу бизнес-моделди иштеп чыгууну тапшырды. Мындан тышкары ички аба каттамдарын өнүктүрүү жана өлкөнүн аймактарындагы аэропортторду өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: