super.kg logo
  Саясат  

Талас. Өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева добуш берүүгө 5 мүнөт эрте келди

 

Бүгүн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу Талас шаардык А.Огомбаев атындагы музыкалык театрынын имаратында жайгашкан №6108-шайлоо участкасы да таң эрте ата мекендик музыкаларды жаңыртып, жергиликтүү калкты өлкө тагдырына кайдыгер карабоого чакырып тургансыды. Эң биринчилерден болуп бул участкага өз добушун берүүгө өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева келди. К.Курманалиева шайлоо башталарга 5 мүнөт калганда келип, шайлоо участкасындагыларды бүгүнкү шайлоо күнү менен куттуктоого да жетишти. “Урматтуу Талас облусунун тургундары, сиздерди бүгүнкү жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо күнү менен КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атынан куттуктайм! Биз бүгүн ишеним көрсөтүп, добушубузду берген депутаттар келечекте райондордун, айылдардын өркүндөп-өсүшүнө чоң эмгектерин жумшаса деп тилек кылам”,- деди ал. Андан соң КРнын Гимни салтанаттуу түрдө жаңырып, аталган участоктун шайлоо кутучасына биринчи болуп Койсун айымдын бюллетени түштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: