ЭЛДИК ВИДЕО: Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты өлүк менен кошо кулатып жиберишти
"Медиа-порталдын" "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты сөөгү менен кошо кулатып жиберишти" аталышындагы видео жүктөлдү (ник: bema55).
Анда чатырдын ичинен табытка салынган адамдын жансыз денесин 4 адам көтөрүп чыгып, табытты ийинине коюп алып бийлеп баштаганын көрүүгө болот. Синхрондук бий аткарып басып бара жаткан адамдар токтоп, табытты колу менен кармабастан бир учурда ордунан айланууга аракет кылышат. Натыйжада тең салмаксыздык жаралып, табыт жерге кулап, ичиндеги адамдын өлүгү, ага жабылган чүпүрөк жана башка жыпар жыт берүүчү каражаттар чачылып калганын көрүүгө болот. Видеону тартып алгандар социалдык тармакка чыгарып жиберишкен. Окуя Африкадагы Гана өлкөсүндө болгону айтылат.
Гана - Африкадагы анча чоң эмес өлкө. Бул жакта сөөк коюу каадасы таң калычтуу салттар менен коштолот. Бир нече жылдардан бери Ганада каза болгон адамга өзгөчө формадагы жана кооздуктагы табыттарды жасоо салты уланып келет. Маркум тирүүсүндө эмне менен алектенсе, кыялданса же жактырса ошол нерсенин символун чагылдырган табыт жасалат. Мисалы, фотограф каза болсо, ага фотоаппараттын, фермер каза болсо сүйүктүү жаныбарынын, ал эми өмүрүнүн аягына чейин чылым чеккен адам болсо тамекинин формасында, айтор ботинка, туфли, жылан, ажыдаар жана башка маркум менен байланыштуу эмне болсо ошондой формадагы табыт жасатышат. Айрым таң калычтуу табыттардын ичинде сөөк кандайынан жатканы да кызык болгон учурлар кездешет. Табыт жасатуу абдан кымбат. Орто киреше менен жашаган ганалыктын жакыны өлсө, ага буюртма берүү үчүн жылдап иштеп акысын төлөөгө туура келет.
Мындан тышкары Ганада сөөк коюу зыйнаты катуу жаңырган музыка жана бийлердин коштоосунда өтөт. Сөөк салынган табытты көтөрүп алып бийлөө дагы көп аткарылган салттардын бири.
Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты сөөгү менен кошо кулатып ийишти









1 |