"Өлкө аймагында "Халал" стандарты менен иштеген 3 мал союучу жай бар" дейт экономика министринин орун басары
Өлкө аймагында "Халал" стандарты менен иштеген 3 мал союучу жай бар. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.
Абакиров жеке мал союучу жайлар боюнча маалыматы жоктугун айтты.
Депутат Мирлан Жээнчороев жарандар уйдун сүтүн чек арадагы айылдарга сата турган болсо кандай документтер болушу керек экенин сурады.
Буга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов: "Мал-жанды караган ветеринар анын эти "таза" деп маалым кат жазып берет. Ошол документтин негизинде болот. Эгер эттен кайсы бир оору чыгып калса, жоопкерчилик ошол ветеринарда болот", - деди.
Депутат: "Мыйзам долбоорунда документ азыкты өндүргөн адамда болушу керек деп жазылууда. Ал эми сиз башкача жооп берип жатасыз. Мыйзамда так жазылышы керек, тартибин тактап коюңуздар", - деп кошумчалады.
Учурда жыйында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.




1 |