Жогорку Кеңеште "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды
8-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоору жаныбарларды, ошондой эле жаныбардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Мындан сырткары, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана каржылык негиздерин аныктайт. "Бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Эркин жүргөн жана короого кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо кеӊейтилүүдө. Мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системи түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолгон. Ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келген. Идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда", - деп жазылат маалыматта.


