super.kg logo

Жогорку Кеңеште өлкө аймагында асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Экинчи окуудагы мыйзам долбоорун жалпы жыйынга Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров алып чыкты.

Айтымында, мыйзам долбоору өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган. Геномдук селекция – бул малдын генотибин тактоо. Ал гендердин варианттары менен чарбалык пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Депутат Алмазбек Акматов өлкө аймагындагы катталган тогуз асыл тукум чарбасынын кейиштүү абалдан кантип чыгуу жолдорун сурады.

Буга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү, колдоо иш-чаралары колго алына баштагандыгын маалымдады.

Депутат Аалы Карашевдин суроосунан кийин геномдук селекция Агрардык университетте жүргүзүлө баштаганы, Кыргыз-Түрк "Манас" эл аралык университетинде дагы мүмкүнчүлүктөр бар экени белгилүү болду. Депутат асыл тукум чарбаларын колдоого каралган 36 миллион сомду өз багытында жумшоо керектигин, муну тармактык министрлик көзөмөлгө алышы зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: