super.kg logo

Ысык-Көлдөгү туристтик сезон 18-майда ачылат

 

Ысык-Көлдөгү туристтик сезон 18-майда ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө 18-майда туристтик сезон ачылып, ошону менен бирге эле эл аралык "Issyk-Kul ITF- 2019" туристтик жарманке-көргөзмөсү өтөт.

"Аталган жарманке-көргөзмөнүн негизги максаты башка өлкөлөр менен болгон туристтик байланыштарды түзүү болуп саналат. Иш-чарага катышуу үчүн бардык турагенттиктердин жетекчилери жана адистери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, туристтик компаниялар чакырылат", - деп жазылат маалыматта.

Жарманке-көргөзмөнүн жүрүшүндө ар кандай жолугушуулар, тегерек столдор өтүп, катышуучуларга өзүнүн компаниясы, долбоорлору жана кызматтары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: