Оштун "ЕRЕМ" командасы футзал боюнча өлкө чемпиону аталды
Кыргыз футбол федерациясынын Дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, Оштун “ЕRЕМ” командасы футзал боюнча өлкө чемпиону деп табылды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, комитет “Алга-Дордой” командасына үчүнчү финалдык оюнга келбегендиги үчүн техникалык жеңилүү жазып, 10 миң сом айып пул салган. Ошентип “ЕRЕМ” жалпы 3:0 эсебинде жеңишке жетишип, 2019-жылдагы өлкөнүн чемпиону болду.
Айта кетсек, 6-майда “Алга-Дордой” клубу Кыргыз футбол федерациясынын Дисциплинардык комитети тарабынан Ошто өткөн биринчи беттешке карата чыккан чечимин кайра карап чыгуу талабын коюп, Бишкекте өтчү 3-беттешке чыкпай койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.