super.kg logo

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев кармалганы айтылууда. УКМК маалыматты четке какты

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев УКМК тарабынан кармалганын укук коргоочу Динара Ошурахунова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы четке кагып, кармалбагандыгын билдирди.

2018-жылдын июнь айында Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин жетектеген. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу бул кызматтан кеткени айтылган. Ага чейин Догоев 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: