super.kg logo

9-майда "Газпромнефть" май куюучу жайларында үйлөмө-урма оркестрдин үнү жаңырат

 

Жеңиш күнү жакындап калды!

Бул күнү күжүрмөн аскердик-согуш мезгилиндеги музыка өлкөнүн бардык булуң-бурчунан жаңырат. Каардуу согуш жылдарында бул музыка жашоочулардын жүрөгүнө аз да болсо тынчтык тартуулап, күч-кубат берип, жеңишке ишенимин арттырган. Музыка жана ырлар туугандарды бири-бирине жакындатып, аралыктын алыс экенин сездирбей, жоокерлерге гана эмес, ооруктагы эмгекчилерге да дем берип турган.

Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлеринин эрдиктерин баалап, эскерип, "Өлбөс полк" улуттук жүрүштү колдоп "Газпром нефть" тармагынын борбордук май куюучу жайларында ар бирибизге жакын сезилген, үйлөмө-урма оркестрдин аткаруусундагы согуш жылдарындагы мелодия жаңырат. Мындай саамалык аталган жайларда 5 жылдан бери уланып келет.

Бул жылы оркестрдин ойногонун "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын төмөнкү даректеринен укса болот:

* Бишкек шаары, Киев көчөсү 42, Шопоков менен кесилишет. №10 май куюучу жай. Башталышы саат 13:30.

* Бишкек шаары, Исанов/Токтогул көчөлөрүнүн кеслишиндеги №14 май куюучу жай. Башталышы саат 14:30.

* Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 188 А. Чапаев көчөсү менен кесилиштеги №18 май куюучу жай. Башталышы 16:00.

Үйлөмө оркестрдин аткаруусу - Жеңиш күнүнө карата "Газпромнефть" уюштуруп жаткан жалгыз иш-чара эмес. Майрам алдында "Газпром нефть Азия" жана "Газпром Кыргызстан" компанияларынын жаш кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Концлагердин туткундарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына белектер менен бирге жылуу сөздөрүн арнашты.

"Газпром нефть Азиянын" башкы директорунун орун басары Аскар Бектенов: "9-Май бардык муунду бириктирген, биз үчүн ыйык деп эсептелген күн. Жеңиш үчүн жана башкалардын бейпил жашоосу үчүн өз жанын аябаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдигин эскерип, муундан муунга өткөрүү биздин, ар бирибиздин милдетибиз. Бул милдеттер аткарылат деп ишенебиз", - дейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: