ЭЛДИК ВИДЕО: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары коопсуздук курду туура эмес тагынып, сынга кабылды
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын коопсуздук курун тагынууга чакырган видеосу жүктөлдү. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов айдоочуларды коопсуздук курун тагынууга чакырып жатканын көрүүгө болот.
Видеодо Ыманалы Саркулов "ар бир жаранды, ар бир айдоочуну жол сакчыларынан, айып пулдан качуу үчүн эмес, өзүнүн ден соолугу, коопсуздугу үчүн коопсуздук курун тагынып жүрүүгө чакырам" деп унаага отурган. Видеодон анын унаага отуруп, коопсуздук курун туура эмес тагынып жатканын көрүүгө болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары "Уят!". "Биринчи жолу да. Эч нерсе эмес, үйрөнүп алды" деп сынга алышса, айрымдары "Ар ким ар кандай тагат. Коопсуздук курду таккандан кийин деле колун киргизсе болот.
Мен ушундай кылам, себеби жогорку жак моюнду кысып коёт. Мындан эмне чоң маселе чыгарасыңар?" деген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары коопсуздук курун тагынууга чакырды







1 |