super.kg logo

Дастан Догоев УКМКга эмне себептен суракка чакыртылганы белгилүү болду

 

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев УКМКга күбө катары чакыртылганы белгилүү болду. Тагыраагы, ал жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендердеги кылмыш ишине күбө катары чакыртылган. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди.

Буга чейин укук коргоочу Динара Ошурахунова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Дастан Догоев УКМК тарабынан кармалганын жазып чыккан.

УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан. Мындан улам "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев айыпталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: