super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы Таластын "Кара-Буурасын" 2:1 эсебинде жеңип, Биринчи Лиганын чемпиону аталды (хронология)

 

Бүгүн, 9-майда кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ат майданында Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалдык оюндары өтүүдө.

Азыркы тапта Биринчи Лиганын 1-оруну үчүн "Көл-Төр" - "Кара-Буура" командаларынын беттеши башталды.

10:15. Алып баруучу командалар менен тааныштырып бүткүчө эле оюндун алгачкы мүнөттөрүндө "Көл-Төр" атаандашынын тайказанына улак таштады. Улакты 8-номердеги оюнчу Жаныш Конушбаев салды. Конушбаевдин минген аты - Золотой.

10:20. "Кара-Буура" жерде жаткан улакты илип кетти, бирок "Көл-Төрдүн" оюнчулары улакты жөн эле берип койгон жок.

10:21. Оюн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатканына карабастан көрүүчүлөрдүн саны арбын. Көрүүчүлөрдүн көп бөлүгү борбор калаадан барганы айтылууда.

10:22. Курч оюн орун алып "Көл-Төр" командасынын оюнчулары тай казанга жакындап келген атаандаштарын оюн талаасынан сүрүп чыкты. Кайрадан жекеме жеке чыгуу.

10:23. Тайсон аттуу аргымакты минип жүргөн Орозбек Эркинбеков улакты эңип, чабуулга өттү.

10:25. "Кара-Буура" командасы тай казанга карай умтулуп, өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүшүүдө.

10:26. Демөөрчүлөр да бул оюндун жеңүүчүлөрүнө өзүнчө акчалай сыйлык коюп жатканын алып баруучу айтып жатат.

10:30. Биринчи бөлүк аяктады.

10:40.
Командалар келип, ышкырык жаңырып оюн башталды.

10:42. Оюнчулар бири-бирин ат менен катуу күч менен жөөлөшүп жатканына байланыштуу капталда турган калыстар оюнчуларды акырын ойноого чакырышты.

10:43. Кайрадан жекеме жеке Миллион менен Золотой ортодо.

10:45. "Көл-Төр" командасынын катардагы чабуулу. Улак тай казанда. Эсеп 2:0.

10:47. Айта кетчү нерсе, "Көл-Төр" - Ысык-Көл облусунун командасы болсо, "Кара-Буура" командасы Талас облусунан келген.

10:49. "Көл-Төр" командасынын оюнчусу Жаныш Конушбаев Золотой аттуу аргымагы менен активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

10:50. "Кара-Буура" атаандашынын тай казанынын айланасында оюн жүргүзүп, бирок "Көл-Төрдүн" коргоочулары улакты тай казанга салуусуна мүмкүнчүлүк берген жок.

10:52. Данияр Искендеров улакты такымга басып чабуулга өттү. Улак тай казанда эсеп 2:1. "Кара-Буура" командасы эсеп санын ачты.

10:53. Улак ортодо. Көрүүчүлөрдүн ичинен командаларга кызыктыруучу сыйлык коюп жаткан демөөрчүлөр улам келип жатканын алып баруучу айтууда.

10:55. "Көл-Төр" командасынын капитаны Нурбек Жакыпбеков улакты жула качып, тай казанды көздөй умтулду. Бирок коргоочулар мүмкүнчүлүк бербей оюн талаасынан чыгып кетти.

11:00. Экинчи тайм соңуна чыкты.

11:10.
Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюндун акыркы бөлүгү башталды.

11:12. Акыркы мүмкүнчүлүк экенин туйган командалар дароо эле улакты талашканга өтүп, бири-биринен кем калышпай оюн көрсөтүүдө.

11:14. "Көл-Төр" командасынан кайрадан эле Эржан Талантбек уулу өзүнүн Хан-Күрөң аты менен, ал эми "Кара-Буурадан" Кушчубай өзүнүн Хусейин-Көк аты менен жекеме жеке чыгышууда. Бүгүнкү оюнда бул 2 оюнчунун жекеме жеке көп чыгып, мыкты оюн тартуулап жатканына күбө болуудабыз.

11:15. Жаныш Конушбаев өзүнүн Золотой аты менен кайрадан чабуулда.

11:17. Улак Урмат Абдыш уулунда, бирок "Кара-Бууранын" коргоочулары тай казанга жакындаганга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

11:19. "Кара-Буура" командасы чабуулга өтүп, бирок алар оюн талаасынан чыгып кетишти.

11:22. Жекеме жеке чыгуу биринчи жуп бөлүнгөн убакытта улакты ала албаганына жараша, жуптар алмаштырылды.

11:24. Оюндун аякташына саналуу гана мүнөттөр калганына байланыштуу "Көл-Төр" командасынын оюнчулары убакытты созуп жатышат.

11:30. Оюн аягына чыгып Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы Биринчи Лиганын чемпиону аталды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
09.05.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш Кут болсун; КолТор ЫссыкКол Командасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: