Бишкекте ден соолугуна байланыштуу "Өлбөс полкко" катыша албаган тургун терезеден элге салам айтты
Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиш майрамына арналган "Өлбөс полк" акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары ар дайым эскерип, элесин эстеп жүргүсү келген атасы, чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүш менен борбордук аянтты көздөй бара жатат.
Бул учурда SUPER.KG порталынын кабарчысы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балкону бүгүнкү майрамга ылайыкталып жасалганын байкады. Ал батирде жашаган тургун ден соолугуна байланыштуу акцияга катыша албайт. Бирок жыл сайын майрамдык маанай түзүп, балкондун сыртына "Чоң атама Жеңиш үчүн рахмат" деп жазылган плакатты илип, колуна желек кармап элге салам айтат. Ал бүгүн да бул аракетин кайталап, жөө жүрүш менен бара жаткандарга майрамда алар менен чогуу экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bond02

09.05.2019. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Финка, кредит.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.