"Жеңиш" аянтында майрамдык концерт өтүүдө












Борбор калаа Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында Улуу Жеңиш майрамына карата концерттик иш-чара өтүүдө. Ага балдардан түзүлгөн ансамблдери катышууда. Концерттик программада согуш темасындагы ырлар аткарылууда. Көрүүчүлөрдүн арасында жоокер тамагынан кийин концерт көрүүгө келген ардагерлер, шаар тургундары жана "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары бар.
Майрамдык иш-чара "Жүрөк толкуйт" аталышындагы кыргыз бийи менен "Семетей" ансамблинин аткаруусунда башталды. Мындан тышкары ырчы Жылдыз Тутуева, "Сувенир" орус ырларынын ансамбли, Элдик-хореографиялык ансамбль "Адис" жана башка мектеп хорлору согуш жана жеңиш ырларын аткарышууда. Концерттин алпаруучулары Айзада Жамгырчиева жана Леонид Бухман.
Бишкекте Улуу Жеңиш майрамына карата концерт өтүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.