Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтөт
Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 10-майда журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтөт.
Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алганы боюнча маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан. "Ооба, азыр кызматтык батирде жашап жатам. Менин жеке менчик үйүм же батирим жок. Чындыгында мага, менин ата-энеме жана туугандарыма таандык мүлктөрдүн баасы 20 миллионду чапчыбайт. Биздин болгон мүлктөрүбүз 5-6 миллион сом болушу мүмкүн. Анын ичинен 500-600 миң сомдук мүлк мага тиешелүү", - деп билдирген ал өз билдирүүсүндө.








1 |