Криштиану Роналдунун мураскери делген 19 жаштагы футболчу талашка түштү



Англиялык "Манчестер Сити" клубу португалиялык "Бенфиканын" 19 жаштагы жарым коргоочусу Жоау Фелишти сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Фелиш 33 жаштагы Давид Сильванын ордуна келмекчи. "Фелиш "Бенфика" үчүн 41 оюнда 18 гол киргизүү менен айырмаланды. Анын дареметин "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду баалаган. Ал Фелишти футболдогу өзүнүн мураскери деп италиялык клубдун жетекчилигин ага көңүл бурууга чакырган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
monok2001

10.05.2019. 10:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечеги бар футболчу болот кудай буюрса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.