super.kg logo
  Саясат  

Экс-президенттин жан сакчысы: "Мен Атамбаевдин жанынан кетпейм"

 

Бүгүн, 10-майда борбор калаада мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге мүлктөрүн көрсөтүүдө.

"Мага байланыштуу козголгон кылмыш иши - бул саясий куугунтук. Мага кылмыш иши ачылганын интернеттен билдим. Комментарийлерди окуп чыгып, эл ал нерсеге ишенбегенин көрдүк. Ошол себептен улам мүлктөрүмдү көрсөтүүнү туура көрдүм.

Менин артым менен Алмазбек Атамбаевди каралоо аракети жүрүүдө. Ал бийликте турган кезинде анын жанында жүргөндөр азыр экинчи тарапка өтүп кетти.

Мага адамдар келип, "мунун жанында эмнеге жүрөсүң?" деген суроолор менен кайрылышкан. Бирок мен кетпейм, Алмазбек Атамбаевдин жанында калам", - деди Мусакеев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп туруп 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. 7-февралда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы Мусакеевге "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирген. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Мусакеевге карата өлкө аймагынан сыртка чыкпоо боюнча чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: