Экс-президенттин жан сакчысы чиновниктерди өз мүлктөрүн көрсөтүүгө чакырды. Ал эстафетаны Райымбек Матраимовго узатты
Бүгүн, 10-майда мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеев өз мүлктөрүн тааныштырып жатат. Алгач ал Биримдик жаңы конушундагы үйүн көрсөттү. Андан соң ал башка чиновниктерди да өз мүлктөрүн көрсөтүүгө чакырып, эстафетаны Райымбек Матраимовго узатты.
"Меникиндей үйлөр элдин баарында эле бар. Эмне себептен азыркы чиновниктердин балдары, туугандары айдаган унааларга көңүл бурулбайт? Мисалы, алардын бир эле унаасы 50-60 миң доллар турат. Аны сомго которсо, канча миллион сом болот? Каймана атында алты нөлү бар бир адам бар (Райымбек Матраимов, "Раим Миллион" - ред.), анын мүлктөрү жарыяланганда эмне себептен эч кандай реакция болгон жок?" - деди Мусакеев.
Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алганы боюнча маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айткан.


