Атамбаевдин жан сакчысынын 20 миллион сомдук делген үйлөрүнүн экинчиси (фото)








Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө. Алгач Чүй облусунун Биримдик конушундагы үйүн көрсөткөн соң, Новопавловка айылындагы экинчи үйүн көрсөттү.
"Бул жер тилкени 2010-жылы февраль айында ата-энем 100 миң сомго сатып алган. Атама катталган. Бул жакта эч ким жашабайт. Бир 4 бир тууганбыз. Ата-энем балдарыбыз үйлүү болсун деп жер тилкелерди алышкан. Ата-энем айыл чарба менен алектенет. 100 миң сомду бир жылда тапса болот го.
Учурда бул үйдө канализация жок. Оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аны сатабы же сатпайбы, ата-энем өздөрү чечет. Башкы прокуратура мүлктөрдү 20 миллион сом деп бүгүнкү баа менен көрсөткөн окшойт. Бирок баары бир мынчалык кымбат бааланбайт деп ойлойм", - деди Мусакеев.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.
Буга чейин февраль айында Атамбаевдин жан сакчысына карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.









1 |