super.kg logo

Мунай базада чыккан өрттөн 2 өрт өчүрүүчү жабыркап, ооруканага жеткирилди

 

Мунай базада чыккан өрттөн 2 өрт өчүрүүчү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн биринин денесинин 50 пайызы күйүп калган, абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калган. Өрт чыккан жерде "Тез жардам" жана бир реанимобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулган, кошумча дагы 500 литр көбүк иштетиле турганын басма сөз кызматы кошумчалады.

Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дор чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.








Мунай базасында чыккан өрт

Мунай базасында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.05.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон келбейби жакындаба, болушунча болду. Асмандан вертолёт менен суу же кум чачуу керек.
10.05.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, вертолет болсо очуробу жалал-абад бойунча 10го жетпеген эле орт очуруучу машина бар анын дагы бироосу куйуп кетиптирго
10.05.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орт очуруучу Машинелер Жок жалалабадда
Жетишбейт окшойт Оштон жардамга келди
10.05.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коншу олкодон жардам сураш керек болбосо ото кооптуу болуп баратат, Вертолёт керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: