Атамбаевдин жан сакчысынын 20 миллион сомдук делген үйлөрүнүн үчүнчүсү Ак-Ордодо жайгашкан (фото)










Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө. Алгач ал Чүй облусунун Биримдик конушундагы жана Заря айылындагы үйлөрү менен тааныштырган соң, журналисттерди Ак-Ордо конушундагы агасынын үйүнө алып келди.
"Бул жер тилкени 2011-жылы 120 миң сомго сатып алганбыз. Азыр бул жерде эч ким жашабайт. Агам Замир Мусакеев Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааны сатып ушул жер тилкени сатып алган. Үй атабызга катталган. Агам Чек ара кызматында иштегенден кийин УКМКнын 9-кызматында иштеп пенсияга чыккан", - деди Мусакеев.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.
Буга чейин февраль айында Атамбаевдин жан сакчысына карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.


