super.kg logo

Экс-президенттин жан сакчысынын 20 миллион сомдук делген үйлөрүнүн төртүнчүсү - Кызыл-Аскердеги батир (фото)

 

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө. Алгач ал Чүй облусунун Биримдик конушундагы, Заря айылындагы, Ак-Ордо конушундагы үйлөрү менен тааныштырган соң, журналисттерди Кызыл-Аскер конушундагы инисинин үйүнө алып келди.

"Бул 2 бөлмөлүү батир 1 миллион 200 миң сомго ипотекага сатып алынган. Аянты 85 чарчы метр. Атамдын атына катталган. Бул жерде иним үй-бүлөсү менен жашайт. Ал убактылуу иштебейт. Аялы менчик фирмада иштейт. Эки баланы тарбиялашат", - деди Мусакеев.

Окуянын чоо-жайы:

8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.

Буга чейин февраль айында Атамбаевдин жан сакчысына карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.05.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен жашаган жакго Реализ
10.05.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тугойт бунун уйлору
10.05.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүнүн үйүн көрсөтпөйбү, каяктагы эчким жашабаган үйлөрдү көрсөтпөй.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: