super.kg logo

Мунай базада чыккан өрт 6 сааттан бери чектөөгө алына элек (бийиктиктен көрүнүш)

 

Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт 6 сааттан бери чектөөгө алына элек. Бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасы дагы өрттү өчүрүүгө жардамдашууда. Мындан тышкары болжол менен 2 миңге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда 2 өрт өчүрүүчү жаракат алган. Биринин денесинин 50 пайызы ал эми экинчинин бети күйүп калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.






Мунай базасында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

Мунай базада чыккан өрт 6 саатын бери чектөөгө алына элек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
10.05.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орт очуруучу учак керек мчске
10.05.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дронду ишке салдынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: