super.kg logo

Балдарды коргоо лигасы: "Жалал-Абадда 2 жашар кыздын сабалышы боюнча эч ким жоопкерчиликке тартыла элек"

 

Жалал-Абад облусунда оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар кыз апасынын өгөй энесинин колунда багылып жаткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Балдарды коргоо лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы Орусияда эмгектенет. Анын күйөөсү жок.

"Жабырлануучу кыздын энеси 5 жашар баласын дагы өзүнүн өгөй энесинин колуна таштап иштегени кеткен. Ал адам колунда дагы бир канча небере багып жатканы маалым болду. Алдын ала божомол боюнча кыз аталган үй-бүлөнүн зомбулугуна кабылган. Наристе башынан жаракат алган, денесинде көк ала тактар бар. Мындан улам кыздын абалы боюнча укук коргоо органдары эч кимди жоопкерчиликке тартпай жатат. Болгону кокустук деп баалап, кызга зомбулук болбогонун айтышууда", - деп жазылат маалыматта.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда кыздын абалы оор бойдон калып жатканын облустук балдар дарыгери билдирген. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалганын айткан.






Жалал-Абадда 2 жашар кыз катуу сабалып ооруканада

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: