super.kg logo

СИЗО, үй камагы... Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кармалган 3 дарыгердин баш коргоо чаралары аныкталды

 

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында кармалган №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев №1 СИЗОго 2 айга киргизилди. Мындай чечимди бүгүн, 11-майда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар тастыкташты.

Маалым болгондой, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина санитардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров үй камагына чыгарылды.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
11.05.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башкы прокурор акыйкат учун качан Раим миллионго окшогон Сокенин кошоматчы, уурулары жонундо маалымат бересинер. Качан ушулардын мулкун элге коргозосунор. Соке эмне учун ак иштеп берем деп элди алдап койду. Азыркы Жээнбековтордун бийлиги ото акыйкатсыз иштерге жол бердинер. Эл нааразы.
pat12 түзөттү 2019-05-11 15:42:05
11.05.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолулор оз жазасын алыш керек бул дуйно наркы дуйно
12.05.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ бир врачпы же кимиси алар да буйрук аткарышкан да, эми аларды камаганда эмне пайда. Чыгып эле самалетто учуп кетип жатса,бийликтегилер да акырын озулорунун аркасын тазалап жатышат го,бул жагы жиндилерге дагы тушунуктуу болуп турат го
12.05.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чабактарды кармап жатышатго.Эмил Макимбетов камалгандан бери канчалаган онкология менен ооруган балдарга операция жасалбай ата-энелери боздоп жатышат.Жок дегенде Уй камагына чыгарышсын,балдарды дарылап турмак.
12.05.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Просто эс көзүнө көсөтүп өзүн коргой албаган байкуш врачтарды камап , ошол менен ишти жаап салабы ? Булардын башында башка адам турат да ? Ошол учурда АША президент болгон. Президенттен уруксат албай мындай ишти жасай албайт. Врач болсо бул эң ылдыйда турган адам.
12.05.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларда айып жок Ошол кездеги президент жана башка чондор кунолу булар жогорудагылар емне дешсе ошону аткарышат та Ошол кездеги Атанбаев кетирген президентин уруксаты жок андай адамдар турмодон чыгалышбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: