Жалал-Абадда оор абалда жаткан 2 жашар кыздын ден соолугунда жылыш болгон жок. Апасы эртең Орусиядан келиши мүмкүн
Жалал-Абад облусунда оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын абалында өзгөрүү жок. Кайра начарлап жатканын SUPER.KG порталына облустук оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов билдирди.
Дарыгер кичинекей кыз өз алдынча дем ала албай жаткандыктан дале дем алдыруучу аппаратта жатканын белгиледи. Ал жандандыруу бөлүмүндө болгондуктан таянеси кабар алып жатканын айтты. Кыздын апасы 13-майга учакка билет алганын кошумчалады.
Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланууда. Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Балдарды коргоо лигасы кыздын сабалышы боюнча эч ким жоопкерчиликке тартыла электигин айтууда. Акыйкатчы окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.
Жалал-Абадда 2 жашар кыз катуу сабалып ооруканада













1 |