super.kg logo

О! операторунун "Ишенимдүү төлөм" кызматы ыңгайлуураак боло баштады

 

О! Мобилдик оператору популярдуу "Ишенимдүү төлөм" кызматын көрсөтүү шарттарын жакшыртты жана байланыш кызматтары үчүн берилүүчү насыяны 100 сомго чейин көбөйттү!

Көпчүлүк абоненттер бул кызматтын жардамына айласыз учурларда кайрылышат, мисалы, баланс нөлгө чукулдап калган, ал эми эсепти толуктоо мүмкүнчүлүгү жок. Мурун кызматтын алкагында байланыш кызматтарына 25, 50 жана 75 сомго насыя алууга мүмкүн болчу.

"Адистерибиз абоненттердин кайрылууларын дыкаттык менен изилдеп чыгышты жана чоң суммага ишенимдүү төлөм алуунун кошумча мүмкүнчүлүгүн жүзөгө ашырышты", - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

О! ЫКЧАМ ЖАРДАМЫН АЛУУ ҮЧҮН *105# БУЙРУТМАСЫН ТЕРҮҮ ГАНА ЖЕТИШТҮҮ.

Кызмат бир жолу сиздин каалооңуз менен кошулат. Ишенимдүү төлөмдүн көлөмү сиздин айлык мобилдик байланыш чыгымдарыңызга жараша болот: алар канчалык көп болсо, жүктөө суммасы ошончолук ири болот, сиздин канчалык балансты көп толуктагандыгыңыз, ошондой эле О! түйүнүндө сиздин тейленүү мөөнөтүңүздүн узактыгынан да көз каранды. Үч күндүн ичинде ишенимдүү төлөмдү алынган суммага жараша, кызматтын баасын эске алуу менен 5, 10, 15 же 20 сом төлөө керек. Күтүүсүз абалдан чыгара турган "Ишенимдүү төлөм" тууралуу кененирээк маалыматты o.kg сайтынан билсе болот, ошондой эле ал жерден өтө шашылыш учурларда балансты автотолуктоо мүмкүнчүлүгүн билип аласыз.

О! Мобилдик оператору менен ар дайым байланышта!

Байланыш кызматтарына насыянын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн, насыяны төгүүнүн баасы КНС менен көрсөтүлгөн, СС кошулган жок.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: