super.kg logo

Көңүл бургула! Алдамчылык аракеттер

 
Жалган маалымат таратып жаткандардын
Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасы.

Урматтуу FINCA Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!

Социалдык тармактарда FINCA Банк сурамжылоо жүргүзүп жатканы жөнүндө жана ал сурамжылоодон өткөн ар бир адамдын картасына 10 миң сом которулары жөнүндө жалган маалымат таратылууда. Сурамжылоонун жарнамасы FNCPlus жасалма баракчасы аркылуу FINCA Банктын логотибин жана Банктын кеңселеринин сүрөттөрүн колдонуу менен чыгууда. Мындай сурамжылоонун максаты – кардардын жеке маалыматтарын жана банктык картасынын маалыматтарын билүү болуп эсептелет.

ЖАРАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!

FINCA Банктын мындай алдамчылык баракчаларга жана сурамжылоого эч кандай тиешеси жок. Азыркы убакта Банк Кыргызстандын тургундарынын арасында эч кандай сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзгөн жок. FINCA Банктын бардык сурамжылоолору жана изилдөөлөрү Банктын төмөнкү расмий булактары аркылуу гана жүргүзүлөт:

БАНКТЫН МААЛЫМАТ БОРБОРУ: 4400,

Расмий сайт: www.FINCABANK.kg

Социалдык тармактар: Фейсбукта: FINCA Bank Kyrgyzstan, Инстаграмда: fincabank.kg

Алдамчылардын кайырмагына түшүп калбоо үчүн шектүү иш-аракеттерге катышпаңыздар! FINCA Банктын кызматкерлери кардардын картасынын маалыматтарын, СМС-билдирүүлөрдөгү кодду же паролдорду эч качан сурабайт. Эгерде кимдир-бирөө сиздерден бул маалыматтарды сурап жатса, бизге жазып, кайрылыңыздар, биз тиешелүү чараларды көрөбүз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: