super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат шайлоо мыйзамы боюнча: "Конституция менен конституциялык мыйзам айкалышпай калды"

 

"Конституция менен конституциялык мыйзам айкалышпай калды", - деп бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштуруп жаткан "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек столдо экс-депутат Ишенбай Кадырбеков билдирди.

"Конституциялык мыйзамда бюллетенде "партиянын аталышы жазылат" деп айтылган. Эгерде бюллетенде биз кайсы партияга добуш берсек, ошол партия шайланат. Ал эми азыркы депутаттардын көбүнө эл добушун берген эмес. Демек, алар легитимдүү эмес. Шайлоо дегенде мен өзүмдүн демократиялык укугумду бирөөгө өткөрүп берип жатам. Конституциянын 2-беренесинде эл "партияны" эмес, "депутатты" шайлайт деп турат.

Бирок бүгүнкү күндө элде партия кимди сүйрөп баратканы тууралуу эч кандай маалыматы жок болуп калды. Эгер бул маселе бүгүн чечилбесе, 2020-жылы ушул эле нерсеге кайра келебиз. Себеби бүгүнкү күндө депутаттарды партиянын лидерлери тандоодо", - дейт Кадырбеков.

Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коом чакырылды. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация жасашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: