Эл аралык дзюдо федерациясы дзюдочуларды башка спорт түрүндө мелдештерге катышуусуна тыюу салды
Эл аралык дзюдо федерациясы дзюдочуларды башка спорт түрүндө мелдештерге катышууга тыюу салды. Бул тууралуу Кыргыз дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, IJF эрежелерине өзгөрүүлөр кирген.
"IJF дүйнөлүк рейтингинин бардык тизмесине (жаштар, улуулар, кадеттер) кирген спортчулар, атайын уруксааты жок болсо, башка спорт түрүндө өткөн эл аралык мелдештерге катыша албайт", - деп жазылат маалыматта.
Эреже бузгандар IJF мелдештеринен, машыгуу лагерлеринен жана башка мелдештерден 2 айга же 2 жылга дисквалификация кылынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.